KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

06 сентября 2022

Арызды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариаты 2022-жылдын 6-сентябрынан 19-сентябрына чейин 14 күн ичинде саат 09:00дон 17:30га чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат. Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22телефон номерлерине чалып же otbor.sot.kg сайтынан алууга болот.


Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 күндүн ичинде берилүүгө тийиш.


Арызга тиркелүүчү документтер:


1) паспорттун көчүрмөсү;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;


3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;


4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар);


5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;


6) 3х4 өлчөмдөгү бир фотосүрөт;


7) 2021-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;


8) арызга тиркелген документтердин тизмеси;


9) тиркеме папка.


Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Мамлекеттик каттоо кызматынан талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).


Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жараны;


2) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) Юридикалык кесиби боюнча он беш жылдан кем эмес эмгек стажы;


5) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Конкурстук тандоого киргизүү боюнча маселе каралганга чейин талапкерлер Кеңеш тарабынан суратылган мамлекеттик органдардардан келип түшкөн  документтер менен таанышууга укуктуу.


Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен жаш курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат.